MMA (Эрежесиз эр уруш ) мушкери, оогандык Хусейн Бахш Сафари алтын медалдарын Дубайдагы аукциондо сатып, андан түшкөн акчага Кабул менен Лугардагы теракттардан каза тапкан окуучулардын үй-бүлөлөрүнө берет.
Белгилүү спортчу Түркмөнстан менен Монголиядан жеңип алган медалдарын аукциондо сатарын маалымдады. Алгачкы алтын медалын Сафари 2017-жылы сентябрда Түркмөнстанда өткөн Азия оюндарында джиу-джитсудан алган.
8-майда Кабулда мектептин жанындагы имаратта жардыруу болуп, расмий маалымат боюнча 60 адам каза таап, 150дөн ашыгы жаракат алган. Жарылуу окуучулар мектептен чыгып келе жаткан маалда болгон.
Андан бир нече күн мурун Ооганстандын чыгышындагы Лугар провинциясында Пули Алам калаасында жардыруу болгон. Автоунаага орнотулган бомбанын жарылуусунан 26 киши мерт болгон, 60тан ашууну жаракат алган.
“Кабулдагы Саиди Шухадо мектеби менен Лугардагы жардыруулардан билимге ынтызар адамдар каза тапты. Мен медалдарымды сатып, андан түшкөн акчаны ошол теракттардан өлгөндөрдүн үй-бүлөлөрүнө жана мектептерге бергим келет”, – деп билдирди Хесейн Бахш Сафари.
Соңку медалын спортчу 6-апрелде Москвада өткөн мелдеште алган. Eagle Fighting Championship (EFC) лигасында Хусейн Бахш Сафари орусиялык атаандашы Октябрин Яковлевди утуп алган.
Сафари негизинен джиу-джитсу менен алектенет. Алты жолу утуп, бир жолу утулган. Ооган спорчусу 27 медаль алган. Анын күйөрмандары Хусейн Бахш Сафариге акча сунушташып, алтын медалдарын сатпоону сурап жатышат.
Дубайдагы аукцион качан өтөрү белгисиз.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ