Жалал-Абадда издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 2020-жылдын июнь айында Жалал-Абад шаарынын аймагында “С” деген каймана аты бар жаран наркотикалык баңгизатын сактап жүрөт деген ыкчам маалыматтар алынган. Бул маалымат Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын 1982-ж.т. тургуну Х.С. кармалып, текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда анын жанынан салмагы болжол менен 2 кг жакын өзгөчө кескин жыты бар зат алынып, соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Экспертиза чыкканча Х.С. кое берилген. Ал ошол учурда Жалал-Абад шаарынын аймагынан чыгып кетип, изин жашырып жүргөн.
Экспертизанын корутундусунда Х.С.дан алынган зат 1 кг 800 гр “гашиш”, 24 гр “опий” наркотикалык баңгизат экендиги аныкталган. Жалал-Абад ШИИБде Х.С.ны издөө иши ачылып, багыттамалар жөнөтүлгөн.
Ыкчам иш-чаралардын негизинде 2021-жылдын 24-май күнү Х.С. кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 26-майда башка коргоо чарасы сотто каралып, үй камагына чыгарылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ