Menu

Кыргызстанда дагы 283 адамдан коронавирус жана пневмония табылып, 7 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 283 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 169, Ош – 15, Чүй облусунан – 35, Ош облусунан – 5, Талас облусунан – 4, Нарын облусунан – 8, Ысык-Көл облусунан – 26, Жалал-Абад облусунан – 15, Баткен – 6. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 103 866 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 391 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 97 542ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 178, Ош шаарынан – 7, Чүй облусунан – 68, Ош облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 11,  Ысык-Көл облусунан – 20, Жалал-Абад облусунан – 3.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 4, Чүй облусунан – 1, Талас облусунан – 1, Ош шаарынан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1788ге жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: