Menu

Юстиция органдарынын кызматкерлери КР Президентинин атынан энчилүү сааттар менен сыйланышты 

Бөлүшүү:

Бүгүн. 28-майда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан энчилүү сааттар менен сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көп жылдык жемиштүү эмгеги жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасын өнүктүрүүгө кошкон орчундуу салымы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүн майрамдоонун урматына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери сыйланышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министри А.Р.Чынбаева аземдин катышуучуларына алардын юстиция органдарын өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн алкыш айтты жана иштерине алдыдагы ийгиликтерди каалады

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Сыйланган адамдардын тизмеси:

Адашмаев Азамат Майрамбекович – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47  мекемесинин начальниги;

Жаныбек уулу Жанарбек – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменттин А.Жанаев атындагы окуу-машыктыруу борборунун спорттун оюндук түрлөрү боюнча машыктыруучусу;

Мадоморов Мирбек Асылбекович – Ош облустук мамлекеттик архивдин документтерди иштеп чыгуу борборунун башкы архивисти;

Мамасалиева Асмат Орозбековна – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин калкты каттоо жана мониторинг бөлүмүнүн адиси;

Панченко Лариса Ивановна – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын долбоордук иштер башкармалыгынын башкы адиси;

Солпиев Нуркалый Абалканович – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Талас облустук юстиция башкармалыгынын башкы адиси;

Эргешов Толкун Турдукулович – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустары боюнча региондор аралык бөлүмүнүн башчысы-координатору.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: