Menu

“Элит Хаус” курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевге издөө жарыяланды

Бөлүшүү:

Аскер прокуратурасы ишкер, “Элит Хаус” курулуш компаниясынын башкы директору Тимур Файзиевге издөө жарыялады. Бул тууралуу журналисттерге Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Такталгандай, ал мыйзамсыз курулуштарга жана борбор калаадагы жер тилкелерин алуудагы коррупцияга катыштыгы бар деп шектелип жатат.

Кечээ, 27-майда Тимур Файзиевдин жүргөн жери белгисиз болгондуктан Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасын, аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.

Белгилей кетсек, кечээ күнү Тимур Файзиевдин коррупцияга катыштыгы бар деп кармалганы кабарланган. Кийинчерээк курулуш компаниясынын башчысынын жүргөн жери белгисиз экени айтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: