Menu

Түркмөн аткаминерлери президенттин атасынын кыркылыгына чейин такыя кийип жүрүүгө милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Лебап облусундагы мамлекеттик мекемелер менен жеке ишканалардын жетекчилери президент Гурбангулы Бердымухамедовдун атасынын кыркылыгына чейин чачтарын кырууга жана такыя кийип жүрүүгө милдеттендирилди.

Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы билдирди. Анын айтымында, мындай талап президент эл алдына маркум атасына аза күтүү катары такыя кийип чыккандан кийин коюлду.

«Лебап облусунда бардык чиновниктер менен мектеп директорлоруна такыясыз жүргөндө кармалса дароо иштен алынары тууралуу эскертүү берилди», — деп билдирди кабарчы.

Бердымухамедов атасы каза болгондон кийин жети күн коомчулук алдына чыкпай, мамлекеттик телеканалдардан көрсөтүлгөн эмес. Түркмөн күлүгү менен алабай күнүнө карата майрамдык иш-чараларга президенттин уулу Сердар Бердымухамедов катышып, белектерди кабыл алган.

Мяликгулы Бердымухамедов каза болгондон кийин түркмөн өкмөтүндөгү бардык аткаминерлер эл алдына улуттук тебетейчен чыга башташкан. Президент бир жумалык аза күтүүдөн соң бардык иш-чараларга кара түстөгү автоунаа менен келе баштаган. Буга чейин ал өлкөдө кара түстөгү автоунааларга тыюу салган.

Президенттин атасы Мяликгулы Бердымухамедов 88 жаш курагында 18-майда каза болгон.

Президенттин атасы каза болгондон кийин Мары облусундагы банкет залдары үч күнгө жабылганы кабарланган. Мындан тышкары Мары жана Лебап облустарында Мяликгулы Бердымухамедовду мечиттерде эскерүү үчүн калктан акча чогултулган. Аймактык аткаминерлер, бюджеттик кызматкерлер, ар улуттун өкүлдөрү борбор калаадагы куран окутууга катышуу үчүн улуттук кийимдерди өз эсебинен сатып алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: