Menu

Сириялык диктатор Асад төртүнчү жолу президенттикке шайланды

Бөлүшүү:

Сириялык диктатор Башар Асад 95 пайыз добуш менен төртүнчү жолу жети жылдык мөөнөткө президенттикке шайланды. Шайлоонун жыйынтыгы 27-майда жарыяланды.

Оппозиция менен бир катар батыш өлкөлөрү Сирияда согуш башталгандан бери экинчи жолу өтүп жаткан шайлоону таанышкан жок.

Үй-бүлөсү 50 жылдан бери бийликти бербей келе жаткан Асадга каршы анча белгилүү болбогон эки киши талапкерлигин койгон.

26-майда өлкө боюнча 12 миңден ашуун шайлоо тилкелери уюштурулган. Сириянын түндүк-чыгышында – АКШ колдогон күрддөрдүн куралдуу күчтөрү көзөмөлдөгөн аймакта жана алардын өнөктөштөрү – сириялык козголоңчулардын таянычы катары эсептелген Идлиб провинциясында шайлоо болгон жок.

Чет өлкөлөрдө паспортунда Сириядан мыйзамдуу чыкканын тастыктаган мөөрү бар сириялык жарандар гана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө добуш беришти. Ошол эле маалда миллиондогон сириялык качкын шайлоого катышкан жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: