Menu

Өзбекстанда Effect.uz басылмасынын журналисттеринин соту башталды

Бөлүшүү:

27-майда Кашкадарыя облустук сотунда Effect.uz басылмасынын үч кабарчысынын үстүнөн сот жараяны башталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, журналист Х. Ахмедов «Бийлик өкүлүнө же жарандык милдетин аткарып жаткан адамга каршылык көрсөтүү» жана «Тергөөгө же соттук териштирүүгө кийлигишүү» беренелери боюнча айыпталууда. Акбар Нуримбетовго «Жалаа жабуу», «Кемсинтүү», «Бийлик өкүлүнө же жарандык милдетин аткарып жаткан адамга каршылык көрсөтүү» жана «Тергөөгө же соттук териштирүүгө кийлигишүү» беренелери боюнча айып тагылган.

Басылманын дагы бир кабарчысы Эльёр Тажибаев «Жалган жалаа жабуу» жана «Кемсинтүү» беренелери боюнча айыпталууда.

Жогорку соттун билдирүүсүндө алгачкы сот отуруму тууралуу кеңири маалымат берилген эмес. Бул иш боюнча кийинки отурум 31-майга белгиленди.

Effect.uz басылмасынын кабарчыларына каршы кылмыш иши козголгону быйыл 7-апрелде кабарланган. Башкы прокуратура журналисттерди Термез райондук сотунун имаратына кирип барууга жана судьяга басым кылууга айыптап, аларга издөө жарыялаган.

Журналисттер айыптоолорду четке кагууда. Алар сот имаратына Улуттук гвардиянын офицеринин уруксаты жана анын коштоосунда киришкенин билдиришүүдө. Бул учур тартылган видео басылманын сайтына жарыяланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: