«Манас» эл аралык аэропорту» ААК Баткен облусуна дарыгерлерди, аскер кызматкерлерин жана жүргүнчүлөрдү ташыган каттамдарды жерде кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөдөн бошотту. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалдын курчушун жана куралдуу кагылышууларды эске алып, «МЭА» ААК «Тез Жет» авиакомпаниясынын учактарын 2021-жылдын 29-апрелинен 7-майына чейин «Манас», «Ош», «Баткен» эл аралык аэропортторунда жана «Исфана» аэропортунда жерде кызмат көрсөтүү үчүн акыдан төлөөдөн бошотуу чечимин кабыл алды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ