Menu

Казакстанда коронавируска каршы толук эмделгендер миллиондон ашты

Бөлүшүү:

Казакстанда COVID-19га каршы эмдөөдөн толук өткөн жарандардын расмий саны миллиондон ашты. 28-майга карата вакцинанын эки дозасы тең сайылгандар 1 021 100гө жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, вакцинанын биринчи компоненти менен 2 млн. 76 миңден ашык киши эмделди.

19 миллион калкы бар Казакстанда коронавируска каршы эмдөө иштери быйыл февраль айында башталган. Ал үчүн Карагандыда өндүрүлгөн орусиялык «Спутник V» вакцинасынан башка, Кытайдын “Sinopharm” жана жергиликтүү “QazVac” вакциналары колдонулуп жатат.

Апта башынан бери Казакстанда күн сайын коронавирус жугузуп алгандардын саны 1,5–1,8 миң кишиге чейин жетүүдө. 25-майда саламаттык сактоо министри Алексей Цой өлкөдө илдетке кабылгандардын саны төмөндөп, «эпидемиологиялык кырдаал акырындап өз нугуна түшүп баратканын» билдирген.

Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда пандемия башталгандан бери 381 907 кишиге коронавирус жугуп, 3 903 бейтап каза болду. Мындан тышкары былтыр августтан бери өзүнчө эсептеле баштаган «коронавирустук пневмонияга» 55 024 киши кабылып, 3 351и көз жумду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: