Menu

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Азербайжандын премьер-министри менен жолугушту

Бөлүшүү:

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Азербайжан   Республикасынын Премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелерин талкуулады.

«Эки өлкө элдеринин тыгыз байланыштары Кыргыз Республикасы жана Азербайжан   Республикасы ортосундагы ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыкты жайгарууга өбөлгө түзөт деп ишенем», – деди Улукбек Марипов.

Өз кезегинде Али Хидаят оглы Асадов Улукбек Мариповду  Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасын жана Азербайжан   Республикасын жалпы тарых, маданият, тили жана салт-санаасы бириктирип турат деп билдирди.

Ошондой эле ал азербайжан тарап Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндөгү Кыргызстан-Азербайжан достук паркынын жана Гейдар Алиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин курулушунун тез арада жыйынтыкталышына кызыкдар экендигин жана бул боюнча тийиштүү келишим долбоору жөнөтүлгөндүгүн белгиледи.

Азербайжан   Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын Азербайжан   Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тараптар эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңешмесин өткөрүү тууралуу макулдашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: