Menu

“Ириген” интрига же Нарбековду “нардан” кулатууга кимдер кызыкдар?

Бөлүшүү:
Кыргыздын өнүкпөй жатканынын бирден бир себеби бул – “ичи тардык ит оруу”. Эң өкүнүчтүүсү, “сынчынын сыңар өтүгү майрык”- демекчи, сын айтып жаткан кокуйлардын көбү, эзели бир кишиге жакшылык кылып көргөн жандар эмес го чиркин. Албетте, сын адамды кандайдыр бир деңгээлде чыйралтып кемчилигин түзөтүп турарында кеп жок.
Сын айтылып турган жерде иш да илгерилейт. Бирок, адамды ак жеринен каралап анын үстүнөн көралбастык менен “жугунду” төгүү бул эч кандай сын эмес, бул – кара өзгөйлүктүн жеткен чеги.
Кечээ жакында “Эл деми” – деген элге жамынган аты-жыты белгисиз сайт болумуш, эч кандай далили жок эле “Таласта иш чатак” деген жалаяктай кайрылууну жарыялады. Кайрылууда “чү” дегенде эле, азыркы ажобуз Садыр Жапаровго акыл үйрөтүмүш болуп “аппаратыңызда чыккынчылар иштеп жатат” – деп президенттик аппараттын кызматкерлери Санжар Мурзакановго, Чынара Жаныкеевага жана өкмөттүн Талас облусу боюнча кураторуна, катуу чара көрбөсөңүз болбойт” – деп “жер тепкилеп” жиберишкен.
Эң кызыгы,жоопкерчиликти жалгызалуудан корккон кайрылуунун алдына өзүнүн атын жалгыз жарыялоодон айбыгып, 8 адамдын атын жазып сес көрсөткүсү келгендей.
Бирок, “узун кулак угармандардын” айтымында кайрылууга автор болгондордун айрымдары “мындай кайрылуунун алдына кол коюп берген эмеспиз” – деп “баштарын мыкчып” жаткан экен. Кеп анда эмес, кеп башкада.
Андан ары “жалпылап жазган” кайрылуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековго эч кандай далили жок эле “баткак шыбоо” менен уланган.
Канткенде да Нарбековду “нардан тартып” жыгууну көздөгөндөр, “оюна келгенди оттоп, мурдуна келгенди жыттап” дараметинин жетишинче анын беделин түшүрүүгө аракет кылганы, сокурга деле көрүнүп турат.
Нарбековго “айыл-чарбасынын же “А” сын билбеген же “Ч” сын билбеген 10 кишинин ортосунда оозун ачып сүйлөй албаган, баш-мээсинде облусту өнүктүрүүнүн программасы жок, жерден чукуп тапкансып, бизге жеткен маалыматтар боюнча, жеп-ичкенден башканы үйрөнбөгөн, кандай гана кызматты аркалабасын 10% доля аты бар (кличкасы) Нарбеков Бакытбек Наркулович саясий чечим менен дайындалган”-деп сыпаттаган кайрандар, кудай алдында өздөрүнүн күнөөсүн көтөрүп, Нарбековдун күнөөсүн бир топ жеңилдетип койгонун билишти бекен?!
Акыйкатында Бакытбек Нарбеков, “өз киндигин өзү кескен” эч кимдин түртмөгү жок, ийгиликке жетишкен инсан. Ал 11 бир туугандын ичинде карапайым үй-бүлөдө чоңоюп эл катары колуна кетмен алып жер иштетип, мал жайып эле чоңойгон.
Анан да айыл чарба академиясын бүткөн адамды, кантип “айыл чарбанын “А” тамгасын билбейт”- деп айтууга ооз барат?!
Иши кылып эле Бакыт мырзаны каралап калуу азгырыгына арбалгандар, аны 10 кишинин ортосунда оозун ачып сүйлөй албаган” – дегенин уккан адам баш чайкап гана тим болот. Ушунчалык пастыктын кимге кереги бар? Нарбеков тескерисинче топ жара сүйлөгөн оратордук сапатка ээ экенин, “шыбакчылар” эле билбей калбаса жалпы карапайым эл жакшы билет.Анан да илимдин кандидаты, мамлекеттик кызматтын баардык тепкичтерин басып өткөн адамды “ баш-мээсинде облусту өнүктүрүүнүн программасы жок” – деп “куу чөп менен оозун арчыгандардын” өздөрүнүн мээсинде бир аз “бүдүрү” болсо, мындай кепти айтуудан айбыкмак.
Тескерисинче, Бакытбек Нарбеков бийликке келген 60 күн ичинде, баардык ишти мыйзам талаасына кайтарып, “Бакубат Талас” фондунун жана башка каражаттардын ойду-келди сарпталуусуна тыюу салды.
Эсил кайран СССРден бери адам колу тийбеген Талас-Нылды-Покровка жолун, 3 миллион сом жумшап 50 миллион сомдук ишти аткарып 20 км жолду оңдоп элдин алкышын алып отурат. Облустагы сапатсыз курулган курулуштарды текшертип, аларды ишке ашырган ишканаларды “желкелеп” кемчилигин оңдоого мажбурлап жатат.
Калк камын көргөн жетекчи катары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө күйүүчү майды акысыз таркатуу боюнча чечим кабыл алып, 800 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 50 литрден же жалпысынан 40 тонна күйүүчү май акысыз таркатылып берилди.
Кокус таажы вирусу күчөп кетсе кейиштүү абалга кептелип калбоонун аракетин көрүп, ооруканаларга олуттуу көңүл бурууда. Кызыл-Жылдыз айылындагы дарыгердик-практикалык борборуна азыркы тапта 7 миллион сомго оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.
Анан да, Нарбеков ой чабыты кенен профессионал жетекчи катары майда барат нерселерге азгырылбай келечектүү, ири долбоорлорду ишке ашырууга аракет көрүүдө Азыркы тапта Аманбаев-Түз-Ашуу-Ташкент автожолун байланыштыруучу 5,7 чакырым туннель курууга инвестор тартууну алдына максат кылып аталган багытта иш жүргүзүүдө. Кудай колдоп аталган долбоор ишке ашып кетсе, Талас облусу үчүн кошумча 5 миллиондон ашуун жаңы рынок ачылмак.Анткени, Ташкент облусунун калкынын саны 5 миллиондон ашык адамды түзөт.
Мындан тышкары,Талас облусун баштан аяк, жаратылыш газы менен камсыздоо да Бакыт Нарбековдун негизги долбоорлорунун бири. Азыркы тапта Шекер, Көк-Сай айыл аймактарын газга кошуу маселеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн протоколуна киргизилип тактоо иштери жүрүүдө.
Ошондой эле Талас облусунун аймагындагы эң ири Бакты-Ногой, Сарымсак жана Кыдыраалы, Кызыл-Жар каналдарын реабилитацияан өткөрүп сугат суу маселесин чечүү менен бирге миңдеген гектар кайракы жерлерди сугат жерлерге айлантуу иш аракеттери тынымсыз жүрүүдө.
Жогоруда аталган жетишкендиктер, Бакытбек Нарбековдун 60 күндө аткарган ишинин чекеси гана. Башкасын айтпаган күндө да, бул фактылар, Талас облусу узак жылдардан бери эми гана чыныгы профессионал такшалган жетекчиге туш болгонунан кабар берет.
Ал эми Нарбековго “10 пайыз” лакап атын канчалык жармаштыргылары келсе да, эч убакта арам ойлору ишке ашпайт. Анткени, Нарбеков жаштайынан карапайым ата-эненин “таман акы маңдай тери” менен тапкан адал тамагын жеп чоңойгон. Дүйнө таанымы кең, илимдин адамды катары, атасынан алган тарбиянын таасиринен улам алдым-жуттумдукка эч убакта кызыккан жан эмес.
Кызыкпайт дагы. Башкача айтканда, Бакыт мырзанын ашынган байлыгы болбосо да, көөдөнү ток жигит. Эгерде, чын эле коррупциялык иштерге аралашкан болсо, аны куру сөз менен эмес, факт менен далилдеп бериш керек. Кайрылууда жазылгандай Баратбек Сыдыкназаров, Абылгазиевдин өкүл баласы болсо болгондур…
Мунун эч кандай деле таң калыштуу жагдайы жок.
Ар ким өзүнө жаккан адамды өкүл ата шайлап алууга толук акылуу. Ал үчүн Баратбек Сыдыкназаровду “жакадан алуунун” кандай зарылдыгы бар?! Баратбек мырза “иш кылбай эле “чыйт түкүрүп” басып жүргөн”- деген кеп жалган. Анткени былтыркы жылдын жыйынтыгы менен райондор аралык “ Өтмө кызыл туу ” социалдык-
экономикалык көрсөткүчтөрү эң мыкты болгону үчүн Баратбек мырза жетектеген Кара-Буура районуна берилген.
Камчыбек Ташиев менен туугандык жайын билбейт экенбиз, бирок акимдерди тестирлөөдөн өткөргөндө эң жогорку жыйынтык көрсөткөнү чындык. Андыктан, Сыдыкназаров иш билги жетекчи катары Сузак районуна ротация жолу менен аким болуп дайындалды.
Бакай-Ата районунун мурдагы акими Чолпонкул Төрөкулов кайрылууда жазылгандай “байдын кызына тойбой” эле, күздөгү парламенттик шайлоого даярдык көрүү үчүн өз калоосу менен кызматын өткөргөнүн кошумчалай кетсек ашыкча болбос.
Кайрылууда, президенттин ротация боюнча чечимдери тууралуу да бир топ негизсиз айтылган сындарга жана “акыл үйрөтүүлөргө” жооп жазбай эле туралы.
Кайрылуунун “кошоктошкон” авторлору губернаторлукка сунуштаган эч кимге аты-жыты белгисиз Жапаркул Тургуналиев жөнүндө маалыматыбыз жок. Ошентсе да кайрылуу авторлору : “Бул адис дүйнөдөн өтсө дагы , эл үчүн жасаган таза эмгеги, мээнети, келечек муунга сөөгү менен кошо, түбөлүк эсте калат деп ойлойбуз. Себеби анын колунда районду эле эмес, Талас облусун өнүктүрүүнүн эң сонун план программасы бар адам экенин көрүп турабыз. Ачык айтсак бул адис Талас облус башчысына татыктуу, облусту тарыхта калтыра турган кадр”- деп “апендинин кызындай” мактаган экен.
Андан да “Бул адис дүйнөдөн өтсө дагы” -деген жерин жакшы түшүнө албай акылым айран болду. Жапаркул Тургуналиев ошондо көзү өткөн адамбы? Же кандай болуп калат?
“Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле” -демекчи, Керимжан Токонов, кыргыз спортуна опол тоодой эмгек жумшаган Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген машыктыруучусу”, улуу кичүүгө кадыры сиңген адам. Ал эч убакта саясатка аралашкан эмес. Аралашууга ниети да жок. Мурдагы кеңешчилерге окшоп облус жетекчисин капталдан “нукуп акыл үйрөтүп өкүлчүлүккө “байланбайт”. Ага убактысы да жок. Коомдук кеңешчи катары анда-санда өкүлчүлүктүн имаратына баш бакпаса, өзүнүн ишкерчилик иштери менен эле алек.
Керимжан Токонов Бактыбек Нарбековдун бир кездеги машыктыруучусу, спорттогу устаты болгон. Учурунда Бакыт мырза спортто да ийгилик жаратып, “ спорт чеберлигине кандидат” болгон жагдайы да бар. Бул эки адамдын бири -бирине жакындыгы президенттин кудасы болгону үчүн эмес, устат шакирт ортосундагы адамдык мамиле десек туура болот.
“Алтын-Альянста чай ичишип, гүлдөп жүрүшөт. Аларды жазгы талаа жумуштар, жалпы элдин ал-акыбалы жана облустагы кризис кызыктырбайт экен” – дегени каралоосу, наадандыктын чеги. Нарбеков “Алтын-Альянста” чай ичмек түгүл, марттан бери ал жакка басып да барган жок. Жада калса, Ыйык Рамазан айында “альянс Алтындын” ооз ачыруу иш чарасына барган эмес. Бирок, өзүнүн мыйзам ченемдүү укуктарынын негизинде кендеги экологиялык нормалардын сакталышын дыкат текшерип тийиштүү кызматтар аркылуу кабар алып турат.
Кайрылууга кол койгондор Бакытбек Нарбековду “тепкилөө” менен гана чектелбестен, радикалдык чакырыктарды таштап “Жерүй” кенин иштетип жаткан “Альянс Алтын” компаниясын кууп чыгып, “Өмүрбек Бабановду таш бараңга алабыз” -деп эскертүү беришкен. Кудай анын бетин ары кылсын, “Жерүй” кени кайрадан өрттөлүп , Россиянын инвесторлору кууп чыгарылса, анда Орус-Кыргыз алакасына оңбогондой доо кетип, анын азабын миллиондогон мигранттарыбыз гана тартпастан, Россиянын салкын мамилеси күчөп мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калышыбыз да мүмкүн.
Андыктан, бул жагын терең ойлонуп, бир ууч “Телибай тентектердин” мындай радикалдуу чакырыктарына көңүл буруп аларга мыйзам чегинде чара көрүп “тизгинин тартып” коюш керек.
Ал эми, “Алянс Алтын” компаниясы эмне үчүн жалаң гана милиция органдарынан пенсияга чыгышкан өзүнүн адамдарын кабыл алып жатышат. Алар мамлекеттен пенсия, Жер-Үйдөн буйруган айлык-маяна алып жашагысы келсе, карапайым элдин балдары ачкадан өлүш керекпи? Жер-Үйдү Өмүрбек Бабановдун башкаруусуна жол бербейбиз ага тикеден-тике каршы турабыз. Бийлик, жер-суулар, кен-байлыктар жалпы Кыргыз Элиники экенин өзүңүз эң жакшы билесиз!” – деген билдирүүлөргө, аталган компаниянын жетекчилиги, түшүндүрмө берип “үн катып” койгону оң.
Жыйынтыктап айтканда, баш аягы жок жазылган кайрылуу президенттин кадр саясатын сындоо менен башталып, Бакыт Нарбеков, Баратбек Сыдыкназаров, Керимжан Токоновдорго жалган жалаа жабуу менен уланып Таластын эң аялуу маселеси болгон “Жерүй” маселеси менен аяктаган.
Бирок, макалада айтылган дооматтар “жумурткадан кыр издегендей” эле кеп экенин баамчыл окурман илгиртпей байкайт. Кыязы, Бакытбек Нарбековдун бир гана мыйзамга таянып иш алып баруусу, ошондой эле коррупциялык иштерди алып чыгып “жеп жутарлар” менен келишпестик түрдө күрөш баштаганы, коррупцияга белчесинен баткан уурулардын “түн уйкусун үч бөлүп” жаткан сыяктуу.
Демек, ар кандай коомдун атын жангандар, эптеп эле “Жерүй” маселесин көтөрүмүш болуп бийликке сес көрсөтүп, президентке облус жетекчиси Бакытбек Нарбековду жаман атты кылуу боюнча карөзгөй ниетти көздөгөн сыяктанат. Кандай болгон күндө да, чындыкты бурмалап жолун эч ким тосо албайт. Бир ууч, адам жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн “10 пайыз, тажрыйбасы жок”- деп койсо эле Нарбековдун бедели түшүп калбайт. Бакыт Нарбековдой, илимде да ( илимдин кандидаты), спортто да (спортун мастерлигине кандидат), мамлекеттик кызматта да (мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (генерал майор наамына шайкеш чин) ийгиликке жетишкен жетекчилер чанда кезигет. Андыктан, ар кандай ушак менен “куралданып” “Нарбековду “нардан” кулатам”- деп обу жок “асылгандар”, элге пайдаңар тийбесе да, зыяныңарды тийгизбей интрига менен эл ичин иритпей тынч эле жүргөнүңөр оң.
Кабыланбек Балкыбеков, акын
Талас облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: