Бишкек шаарында дарыланып жаткан Лейлектик жарандарга мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар берилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
28-30-апрель күндөрү Баткен облусу менен Тажикстандын чек арасында болуп өткөн куралдуу жаңжалда Лейлек районунун 10 жараны, тажик жарандары тарабынан барымтага алынып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 1-май күнү бошотулган.
Алардын бешөө Бишкек шаарына дарыланууга кеткен. Бул беш жаранга Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин резервдик фондунан 8000миң сомдон акчалай жардам бөлүнгөн. Бул жарандар Бишкек шаарында дарыланып жаткандыктан, каражат үч жарандын жакындарына берилген. Ал эми экөөнө бүгүн банк аркылуу которулууда.
Мындан сырткары бул жарандардын үй-бүлөлөрүнө мамлекет тарабынан гуманитардык жардамдар жана коомдук уюмдар тарабынан акчалай жардамдар берилгенин билдиребиз.
Белгилей кетсек буга чейин, социалдык-гуманитардык долбоорлор боюнча иш алып барган ADRA агенттигинин кызматкери, Бишкек шаарында дарыланып жаткан Лейлек районунун 5 тургунуна мамлекет тарабынан колдоолор болбой жаткандыгын социалдык тармак аркылуу билдирген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ