Menu

Генпрокуратура: Экс-мэр Азиз Суракматов менен экс-депутат Жаныш Кудайбергенов жер тилкелерин мыйзамсыз басып алышкан

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Бишкек шаардык мэриясында, ага тийиштүү муниципалдык ишканаларында коррупцияга каршы аракеттенүү жана  жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, калаа аймагынын түштүк бөлүгүнөн 15 га жана 1,83 га, ошондой эле шаардын башка аймактарынан кымбат баалуу жер тилкелер базар баасында атаандаштыкдын негизинде берилишине карабастан, Бишкек шаарынын мурдагы мэри А.Суракматов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Ж.Кудайбергенов (А.Суракматовдун аталаш тууганы) коррупциялык схемалар аркылуу өздөрүнүн жакын туугандарына жана байланышы бар (аффилированный) курулуш компанияларына көп кабатту турак үйлөрдү, кафе, ресто-барларды мыйзамсыз куруу, сатуу жана ижарага берүү максатында жер тилкелерди жеке менчикке жана узак мөөнөткө алышып, туугандарынын арасында бөлүштүрүлүп, миллиондогон бааны түзгөн активдерди кирешелер боюнча декларацияга көрсөтүшпөй эбегейсиз байышкан жана ижарадагы 1,83 га муниципалдык жер тилкеси мыйзамсыз банкка күрөөгө коюлуп, 3 миллион АКШ долларын алышкандыктары аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган фактылар боюнча А.Суракматовго, Ж.Кудайбергеновго жана катыштыгы бар башка жооптуу кызмат адамдарына карата чогултулган материалдар Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319 (коррупция) жана 323-беренелери (мыйзамсыз баюу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: