Бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Көк-Ой айылындагы Боз-Тектир насостук станциясынын иши менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Бос-Тектир насостук станциясы 1989-жылы пайдаланууга берилип, 1994-жылга чейин иштеп турган. Сугат булагы Көкө-Мерен дарыясы болгон. Насостук станция убагында 180 га аянтты сугат жерин суу менен камсыз кылып турган.
«Станцияны жандандыруу үчүн 6 000 000 сом керектелет. Бул маселени жакын арада чечүүгө аракет кылабыз», – деди министр Аскарбек Жаныбеков.
Андан соң министр Жумгал районундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин иши менен таанышты. Агенттик жыл сайын питомник бак-дарактардын көчөттөрүн өстүрүп, жергиликтүү тургундарга сатат. Өстүрүлгөн көчөттөрдү жана питомниктен түшкөн кирешени көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ