Каракол шаардык милициясы жарандардан дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыздарды издөөгө жардам сурайт. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-майда Каракол ШИИБне 47 жаштагы тургун кайрылган. Анын айтымында, 28-майда саат 10:00 чамасында 2005-жылы туулган Аделя Сапарахунова жана 2011-жылы туулган Мырзайым Сапарахунова аттуу кыздары үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес. Ошондой эле, улуу кызынын уюлдук телефону өчүк болгон.
Кыздардын белгилери: Аделдин бою 155-160 сантиметр, Мырзайымдыкы 130-140 сантиметр, экөө тең арыкчырай, чачтары кара, көздөрү кара.
Кийген кийимдери: Адель узун көйнөк, джинсы куртка, ак түстөгү кроссовка кийип жүргөн. Мырзайым – клетка көйнөк кийип жүргөн. Кыздар кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөшөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ