Menu

ОшМЮИде «Кыргыз элинин руханий, адеп-ахлактык жана дене тарбиясынын баалуулуктары» аттуу биргелешкен чөлкөмдүк илимий-практикалык конференция өттү

Бөлүшүү:

Кечээ, 2021-жылдын 28-майында  Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Кыргыз элинин руханий, адеп-ахлактык жана дене тарбиясынын баалуулуктары» аттуу студенттер, магистранттар, аспиранттар менен ОПК биргелешкен чөлкөмдүк илимий-практикалык конференция уюштурулуп, өткөрүлдү. Конференция өз максатына жетүү үчүн төмөнкү негизги багыттарда иш алып барды:

  • Кыргыз элинин улуттук тарбиясынын идеалдары, руханий, адеп-ахлактык жана дене тарбиясынын  баалуулуктары.
  •  Азыркы жаштарда руханий, адеп-ахлактык, дене тарбия маселелерин өнүктүрүүнүн максаттары, милдеттери жана укуктук негиздери.
  •  Гуманитардык жана так илимдердин көйгөйлүү маселелери 

Конференцияга баардыгы болуп 125, а.и. 49 сырттан келген өкүлдөрдүн илимий докладдары катталган. Биргелешкен чөлкөмдүк илимий-практикалык конференцияга 63 ОПК, 6 аспирант, 6 магистрант жана 49 студент катталды. Аталган иш чаранын программасына ылайык студенттер, магистранттар, аспиранттар жаш илимпоздор, изденүүчүлөр, калыптанган окумуштуулар пленардык жана секциялык жыйындарда илимий баяндама жасашты. Конференцияда Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын  жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, баяндамалардын  авторлору маани-маңызы бай өз табылгалары, олуттуу ойлору, омоктуу пикирлери, конструктивдүү сунуштары менен кызыктуу болгон илимий билдирүүлөрүн сунушташты. 

Конференциядагы мыкты баяндамачылар катарында Бабаева Х.С., Кеңешбек кызы Эльмира, Шералиев А.Ш. (БатМУ), Юлдашев К.К., Кудаярова Б.А., Аттокурова М., Сүйүнбаев Т., (К.Токтомаматов атындагы ЭАУ), Абдыманапова К.,  Маматалиев Д., Бекболот кызы Айчолпон (Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУ), Калмурзаев Б.А., Алманбетов Ж.Т., Сайдинов Н.С. (ИИМ РОБ  ОФ), Кыбыева З.Ж., Молдоматов А.Т.,  Пирматов Э., Абдыкалыкова А. (ОшМЮИ) ж.б. атоого болот.

«Кыргыз элинин руханий, адеп-ахлактык жана дене тарбиясынын баалуулуктары» аттуу студенттер, магистранттар, аспиранттар менен ОПК биргелешкен чөлкөмдүк илимий-практикалык конференциянын катышуучулары өз ишинин акырында бир катар иштиктүү сунуштарды камтыган атайын резолюция кабыл алды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: