Menu

Фото – Улукбек Марипов “Минск трактор заводуна” барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын Минск шаарына иш сапарынын алкагында Минск трактор заводуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал заводдо чыгарылып жаткан техниканын бир катар моделдери менен таанышты.

Улукбек Марипов биздин өлкөдө Беларус тракторлорунун таанымал экендигин белгилеп, мындан ары да кызматташууга ишенимин билдирди.

Андан кийин Улукбек Марипов 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Чынгыз Айтматов атындагы паркта болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: