Menu

Президент Садыр Жапаровдун Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктоосу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Жолдош жоокерлер, сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер!

Жолдош офицерлер жана генералдар!

Куралдуу күчтөрдүн урматтуу ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен куттуктайм!

Биздин армия — биздин ишенимдүү чебибиз. Өлкөбүз Куралдуу күчтөрдүн коргоосунда турат.

Кыргызстандын аскер күчтөрү мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө каршы жасалган ар кандай аракеттерди толугу менен токтотууга даяр! Биздин жоокерлердин тайманбастыгы жана эр жүрөктүүлүгү сырткы душмандардын мизин кайтарарына бекем ишенем.

Сиздердин мойнуңуздарга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Дал ошол себептен мамлекеттин көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана республикабыздын конституциялык түзүлүшүн ишенимдүү коргоо үчүн Куралдуу Күчтөрдүн аскердик потенциалын жогорулатышыбыз керек.

Биз эки багытка көңүл бурушубуз кажет. Биринчиден, армияны тоолуу шарттарда аскердик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн толук даярдалган жана технологиялык жактан жабдылган атайын бөлүктөрдүн принциби боюнча уюштуруу, экинчиден, чек ара аймактарында жашаган калктын мобилизациялык жогорку даярдыгын камсыз кылуу жана аскердик коркунучтарга, кол салууларга каршы олуттуу күчтөрдү топтоо үчүн элдик кошуундарды түзүүгө өтүү.

Мамлекеттин өзгөчө маанилүү жана приоритеттүү милдеттеринин бири аскер кызматчыларын социалдык жактан толук камсыз кылуу болуп саналат. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги кесипкөй аскер кызматчыларынын социалдык статусун жана жашоо шарттарын жакшыртуу зарыл.

Мамлекет Куралдуу күчтөрдүн аскердик күжүрмөндүгүн андан ары бекемдөө үчүн бардык аракеттерин жумшайт.

Ардагерлердин жана ардагерлер уюмдарынын жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо боюнча ишмердигин баса белгилеп кетким келет. Урматтуу ардагерлер! Жаш офицерлер, сержанттар жана жоокерлер сиздерди карап түздөнөт. Сиздердин зор эмгегиңиздер, бай тажрыйбаңыздар жана чыдамдуулугуңуздар үчүн биз чексиз ыраазыбыз.

Мекенди коргоо — чыныгы эр-азаматтардын сыймыктуу милдети!

Биз сиздер менен сыймыктанабыз!

Сиздердин күжүрмөн эмгегиңиздердин аркасында бейпилдикте жашап, эртеңки келечегибизге ишенимдүү карайбыз! Кызматыңыздар үчүн рахмат айтабыз!».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: