Menu

Чек арачылар менен Куралдуу күчтөрдүн күнүнүн урматына майрамдык концерт уюштурулду 

Бөлүшүү:

28-май Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматкерлеринин, 29-май КРнын Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата, Баткен шаарында майрамдык концерт уюштурулду. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш чарага КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышып, чек арачылар менен аскер кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктады. 

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө,  “эки өлкө менен чектеш жайгашкан Баткен облусунда кызмат өтөп жаткан чек арачылар менен аскер кызматкерлери,  чыныгы мекенчилдик, эркттүүлүк, тайманбастык сапаттарга ээ экенин баса белгилегим келет. Ар бириңиздердин аракетиңиздер менен, Кыргызстан элинин бүтүндүгү сакталып, мамлекеттүүлүк чыңдалып турат.   Күн-түн дебей, күчөтүлгөн тартипте чек араны кайтарып, мамлекет алдындагы ыйык милдетиңиздерди жогорку деңгээлде аткарып, ар-намыстуулуктун үлгүсүн көрсөтүп жатасыздар.Сиздерге алкыш айтып, таазим этебиз” деди. 

Аталган иш чара коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын демилгеси менен, белгилүү кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: