Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Сергей Ибрагимовдун компаниялар тобунда, каржылык мыйзам бузууларына, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери жүргүзүлдү
Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу аныкталган жок.
Бирок, Сергей Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошууга ыктыярдуулугун билдирди.
Учурда жогорудагы сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулду.
Эске сала кетсек, ишкер Сергей Ибрагимов азыр “Кыргыз коньягы”, “Кыргыз бальзамы”, “Бакай” арагы жана “Кыргыз сапаты” сыяктуу ондогон спирт ичимдиктерин чыгарган заводдордун ээси.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ