«Манас» эл аралык аэропортуна келген Түркстандык алгачкы каттамды суу аркасы менен тосуп алышты, аба кемеси конуу тилкесине конгондо аны эки жагынан өрт гидранттарынан суу чачып тосуп алышты.
Бүгүн 2021-жылдын 31 майында казакстандык «Флай Арыстан» лоукостеринин Түркстан- Бишкек-Түркстан жаңы, туруктуу аба каттамы өз ишин баштады. Эми авиажүргүнчүлөр Казакстандын башкы шаарлары Нур-Султан менен Алматыга Түркстан аркылуу уча алышат.
Аземдин салтанаттуу ачылышында сөз алган «МЭА» ААКнын Генералдык директору Бакыт Шаршеев төмөнкүлөрдү белгиледи: «Учактардын учуу географиясынын кеңейүүсү эки мамлекеттин авиажүргүнчүлөрү үчүн маанилүү иш-чара. Акыркы убакта пандемиядан улам көп тармактар чектөөлөргө учурады. Айрыкча ушундай кырдаалда жаңы, туруктуу аба каттамдарынын ачылышы биздин бардык кызматкерлер үчүн да, авиажүргүнчүлөр үчүн да жакшы саамалык».
«Флай Арыстандын» коммерциялык кызматынын жетекчиси Ренат Абулханов жайкы эс алуу мезгилин утурлай, эки өлкө арасында дагы бир кошумча каттам – Алматы – Тамчы – Алматы ачуу каралып жаткандыгын билдирди.
Казакстандык лоукостер FlyArystan жумасына эки жолу-дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүнчүлөрдү ташымакчы.
Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөттү түзөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ