Аламүдүн районунун ИИБнө жергиликтүү жашоочу Д.В. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 17-апрелинен 24-апрелине чейинки убакыт аралыгында анын үйүнөн пневматикалык тапанча, револьвер жана курулушка керектүү электр жабдуусун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы уурулкка шектелип, А.И. жана Б.Р. аттуу жарандар кармалышкан.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектүү жардардын Аламүдүн районунун аймагында дагы 5 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ