Menu

“Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары Нью-Йорктогу сотко кайрылышты

Бөлүшүү:

“Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча сотуна кайрылганын “Центерра Голд” компаниясы 31-майда жарыялады.

Компания Кумтөр алтын кениндеги соңку окуяларды “негизсиз басып алуу” деп мүнөздөп, ошого жооп жана кызыкчылыктарды коргоо боюнча кошумча чара катары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде сотко кайрылганын билдирди. Кыргыз өкмөтү ортодогу инвестициялык келишимди бузганын белгиледи.

Билдирүүдө “Сот көзөмөлдөгөн бул процесс башка нерселер менен бирге эле дүйнөлүк алкакта “Кумтөр Голд” менен “Кумтөр оперейтингге” каршы бардык доолордун автоматтык түрдө убактылуу токтотулушун камсыз кылат. “Центерра Голд” эл аралык деңгээлде таанылган, ырааттуу реструктуризациялоо процесси кыргыз өкмөтү менен потенциалдуу сүйлөшүүлөргө өбөлгө түзөт деп үмүттөнөт” деп жазылган.

“Центерра Голд” компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перринин “Биз Кыргызстандын өкмөтүн талкууга бир нече жолу чакырдык, бирок алар биз менен байланышуудан баш тартууда. Биз Кыргызстандын бийлиги менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгө дагы деле даярбыз” деген сөзү келтирилди.

Кыргызстан «Кумтөр Голд» компаниясын убактылуу өзү иштетмей болду. Башкаруунун мындай формасы үч айга созулуп, зарыл болсо дагы үч айга узартылат.

Маселе парламентте талкууланып жатканда кен казылган аймактарда экологиялык жана техникалык эрежелер бузулганы, мөңгүлөр талкаланып, алтын казуудан чыккан топурак калдыктары мөңгү үстүнө төгүлгөнү, Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми “Центерра Голд” 11,5 миллиард доллар пайда тапканы айтылган.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

16-майда “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

Кумтөр – Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын андагы үлүшү 26% түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 75 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: