Menu

УКМК Кумтөр иши боюнча депутаттарды суракка чакырууну улантууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Сабиров Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) “Кумтөр иши” боюнча сурак берип чыкты

Ал 2012-жылы түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү болгонун, күбө катары сурак бергенин билдирди.

УКМК «Кумтөр ишине» байланыштуу мурдагы жана азыркы бир нече аткаминерге айып койду.

Бул арада эки айга камалган Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун жактоочусу Давран Касымов билдирүү таратты. Анда Жээнбековго козголгон кылмыш иши саясий өңүттө деп мүнөздөлгөн.

“Асылбек Жээнбеков төрага катары регламенттин чегинде гана иш алып барган. Жогорку Кеңештин төрагасы мыйзам чыгаруучу орган тарабынан коллективдүү кабыл алынган чечимдери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Баардык чечимдер добуш берүү аркылуу кабыл алынган. Кумтөр боюнча токтом кабыл алынып, өкмөткө жөнөтүлгөн, парламенттин миссиясы ошону менен бүткөн”.

Касымов Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы шаардык сотко даттанарын, Асылбек Жээнбековду колдоо митинги болбой турганын билдирди.

Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.

31-майда ал жана дагы бир депутат Төрөбай Зулпукаров эки айга, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка камалды. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыкты.

31-майда “Кумтөр иши” боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалды. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыкты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: