Menu

Чек арада Баткен жана Согд облустарынын башчылары жолукту

Бөлүшүү:

31-майда кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согд облусунун башчылары жолукту.

Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода чек арадагы соңку куралдуу жаңжалдын кесепетин жоюу, эл ичиндеги кооптонууну азайтуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Жолугушууда тараптар буга чейин аткарылбай келген 2019-жылдын 18-сентябрындагы эки тараптуу протоколду колдонууну макулдашты. Ал документте Кыргызстандын Максат, Тажикстандын Овчу-Калача айылдарынын ортосунда милициянын биргелешкен жөө күзөтүн коюу тууралуу жазылган.

Бул сүйлөшүүдөн кийин эки тараптан тең мындай күзөт коюлду.

Облус башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы бир катар маселелерди жеринде чечүү үчүн аймакты чогуу кыдырды.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

21-майда Кыргызстан чек ара маселеси чечилмейинче деген жүйө менен кыргыз-тажик чек арасын убактылуу толук жапкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: