Menu

ИИМ: Кыргызстандык Орхан Инандыны издөө боюнча күчөтүлгөн ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат

Бөлүшүү:
1-июнунда таңкы саат 4:20 да Октябрь РИИБне 12- микрорайонунда жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын астынан эшиктери ачык “Lexus GX470”  үлгүсүндөгү автоунаа табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Октябрь РИИБнин ыкчам-иликтөө тобу барып иликтөө жүргүзгөн учурда автоунаа “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга таандык экендиги аныкталып, анын уулу Ю.К. атасын таап берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Арыз ээсинин маалыматы боюнча Орхан Инанды жогорудагы автоунаа менен жүргөндүгүн жана акыркы жолу 31-май күнү болжол менен кечки саат 18:00 дөр чамасында байланышка чыккандыгын маалымдаган.
Жогорудагы факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренеси боюнча (Адам уурдоо) кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында  ИИМден, Бишкек ШИИБден, Октябрь РИИБден тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлер менен тергөөчүлөрдөн турган ыкчам-иликтөө тобу түзүлүп, бөлүнгөн аймактар боюнча Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жана издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: