Menu

“Смарт Бажы” санарип долбоору иштелип чыкты

Бөлүшүү:

КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында жаңы «Смарт Бажы» санарип платформасынын долбоорун иштелип чыкты. Бул долбоор менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары К.Шатемиров бүгүн, 3-июнда өткөн маалымат жыйынында тааныштырды.

Санарип платформаны түзүүнүн максаты – тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн ылайыктуу шарттарды камсыздоо, ошондой эле өлкөнүн экономикасына инвестицияларды жогорулаткан бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу.

Алдыга коюлган максаттар төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат:

– электрондук декларациялоого толук өтүү;

– товарлардын авточыгаруусун киргизүү;

– товарларды жана транспорт каражаттарын ташып өтүүдө “жашыл коридорлорду” колдонуу (анын ичинде ТЭИ катышуучуларын категориялоонун эсебинен);

– электрондук декларациялоо борборлорун ишке киргизүү;

– бизнес платформалар менен терең интеграция;

– өткөрүү пункттарында контролдук функцияларды жүзөгө ашырууда “Бир аялдама” принцибин толук кандуу киргизүү.

Долбоорду ишке киргизүү 2021-2023-жылдарга этаптарга бөлүнгөн. Ата мекендик экспертизаны өнүктүрүү максатында «Смарт Бажы» платформаны түзүүдө жергиликтүү  IT-компаниялар иштешет.  Ар кандай бажы жол-жоболорун өткөрүүгө убакыт негиздүү кыскартылат, бул КРдин транспортук жана транзиттик дараметин жогорулатат.

Мындан тышкары, кыска мөөнөттүн ичинде, тагыраак айтканда ушул жылдын аягына чейин бажы кызматы электрондук декларациялоону “Бирдиктүү терезе” маалымат системасы  менен интеграциялоо, накталайсыз бажы төлөмдөрүн толук кабыл алуу жана “Кырдаалдык борборду” толук кандуу ишке киргизүү жаатында иш-чараларды пландаган. Бул иштер ведомство тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды жакшыртууну камсыздоого жана жарандардын бажы кызматынын ишмердигине карата ишениминин деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: