Menu

10 талапкер адвокаттык ишмердүүлүк иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу сынагынан ийгиликтүү өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-июнда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн кезектеги квалификациялык экзаменин  өткөрдү. Бул тууралу Юстиция министрлигинин  басма сөз кызматы билдирет.

Экзаменге катышууга квалификациялык комиссиянын чечими менен 36 талапкерге уруксат берилип, анын ичинен 29 талапкер экзаменге катышууга келген. Компьютерлик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 10 талапкер экзаменден ийгиликтүү өттү.

Экзамен адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибине ылайык 110 суроодон турган Компьютерлик тестирлөө формасында өткөрүлөт. 70 жана андан көп пайыз суроолорго туура жооп бергендер квалификациялык экзаменди берген болуп эсептелишет

Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия берилет. Квалификациялык экзаменден өтпөй калган талапкер, аны кайталап тапшырууга алты айдан кийин гана уруксат алат.

Экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкерлер:

  1. Бекназаров Женишбек Мидинович;
  2. Долинский Денис Николаевич;
  3. Жамалов Таирбек Омурзакович;
  4. Кимсанов Нуртилек Манасович;
  5. Кокешова Бермет Тыттыбековна;
  6. Курманалиев Манас Кулалиевич;
  7. Мажинов Тимурлан Темирбекович;
  8. Маликов Аман Джолдубекович;
  9. Нурбек кызы Айгелем;
  10. Хегай Оксана Александровна.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: