Menu

Кыргызстан ЛКЖС БКнын мурдагы биринчи секретары Алмаз Рысмендиев 80 жаш курагында дүйнөдөн кайтты – некролог

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасы орду толгус оор жоготууга учурады.

2021-жылдын 2-июнунда 80 жаш курагында Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер Рысмендиев Алмаз Асанович дүйнөдөн кайтты.
​А.А. Рысмендиев 1941-жылы 4-августта Фрунзе шаарында туулган. Фрунзедеги политехникалык институтту аяктагандан кийин
1964-жылдан 1978-жылга чейин комсомолдук багыттагы ар кандай кызматтарда: Кыргызстан ЛКЖСнын Ленин райондук комитетинин инструктору, Кыргызстан ЛКЖСнын Борбордук Комитетинин инструктору, сектор башчысы, бөлүм башчынын орун басары, комсомолдун Фрунзе шаардык комитетинин биринчи секретары, БЛКЖСнын Борбордук Комитетинин (Москва шаары) комсомолдук уюмдар бөлүмүнүн жооптуу уюштуруучусу, Кыргызстан ЛКЖС БКнын биринчи секретары болуп иштеген.
КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясын бүткөндөн кийин 1980-жылдан 1992-жылга чейин Кыргызстан КП БКнын жеңил жана тамак-аш өнөр жайы бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Иш башкармасынын жеңил, жергиликтүү өнөр жай жана эл керектөөчү товарлар бөлүмүнүн башчысы, республиканын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчысы болуп эмгектенген. 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
1994-1998-жылдары А.А. Рысмендиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекцияны (Кыргызстандарт) жетектеген. Соңку 18 жыл бою Кыргызстандарттын квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик даярдоо борборун башкарган.
А.А. Рысмендиев Кыргызстандын Жогорку Советинин үч жолку – X, XI, XII чакырылыштарынын депутаты болгон.
А.А. Рысмендиев БЛКЖСнын Борбордук Комитетинин ардак грамоталары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, “Кайратман эмгеги үчүн” медалы, Кыргызстандарттын “Стандартташтыруу жана метрологиядагы сиңирген эмгеги үчүн” төш белгиси менен сыйланган. 2002-жылы А.А. Рысмендиевге “Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы ыйгарылган.
Рысмендиев Алмаз Асановичтин жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Т.Т. Мамытов, У.А. Марипов, Н.Ж. Бакирова,
Р.И. Отунбаева, С.Ш. Жээнбеков, С.С. Касмамбетов, Н.О. Сыдыгалиев, И.Ш. Омуркулов, Ж.К. Турускулов, Б. Нурдинов, Б.Э. Торобаев,
А.Т. Сулайманов, С.К. Нышанов, А.У. Жапаров, А.Т. Беков,
А.Дж. Джумагулов, Т.С. Айтбаев, О.А. Абдыкалыков, Т.Т. Табылдиев,
Б.Ч. Джанузаков, Л.А. Иманалиева, С.Т. Искаков, Б.Н. Давлесов ж.б.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: