Бүгүн, 3-июнда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Канаданын Тышкы иштер министри Марк Гарно менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү канадалык тараптын демилгеси менен өттү.
Талкуунун негизги темасы “Кумтөр” кенинин айланасындагы кырдаал болду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасы ар дайым ак ниеттүү чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу климат түзүүнү жактап келген жана мындан ары дагы ушул принциптерди сактоого ниеттенип жаткандыгы белгиленди. “Кумтөр” долбоорунун айланасындагы кырдаалды бир тараптуу кабыл алууга өбөлгө түзүүчү билдирүүлөрдү жасоодон алыс болуунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.
Министр Руслан Казакбаев Кыргызстанга ак ниет, ачык жана ийгиликтүү бизнес жүргүзүүнү көздөгөн, улуттук мыйзамдарды сыйлаган жана айлана-чөйрөгө аярлуу мамиле жасаган ак ниеттүү чет элдик инвесторлор чакырылат деп белгиледи.
Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги башка маселелерди дагы талкулашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ