Menu

Руслан Казакбаев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жаңы дайындалган жетекчиси Алексей Рогов менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кечээ, 3-июнда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жаңы дайындалган жетекчиси Алексей Рогов менен жолугушту. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду. Тактап айтканда, Кыргызстандагы сот тутумун өркүндөтүү, коррупцияга каршы күрөшүү, жашыл жана санарип экономика, экология, шайлоо процессин жакшыртуу боюнча ЕККУнун долбоордук портфелин кеңейтүү маселелери талкууланды.

Министр Р.Казакбаев маектешин Кыргызстандагы ички саясий кырдаал менен тааныштырды. Ал жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформалар жана ченемдик укуктук актылар кайра каралып жаткандыгы жөнүндө маалымат берди. Өлкө жетекчилиги мамлекеттик башкаруу тутумун уюштуруу жаатында принципиалдуу жаңы ыкмалардын пайдубалын түптөп жаткандыгын жана анын артыкчылыктуу багыттары коррупцияга каршы күрөшүү, сот жана укук коргоо тутумдарын реформалоо экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу, Министр Р.Казакбаев ЕККУга кайрылып, Кыргыз Республикасына ушул процесстин ийгиликтүү өнүгүшүнө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды.

Мындан тышкары, кыргыз тарап демократиялык институттарды өнүктүрүүдө жана Кыргызстанда таза жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүдө ЕККУнун колдоосунун ролун белгилеп, алдыдагы бир катар шаардык кеңештердин, ошондой эле ушул жылдын күзүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоолорунун алкагында мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка үмүт артарын билдирди.

А.Рогов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси кыргыз тарапты ар тараптуу маселелер боюнча, анын ичинде мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актыларды ревизиялоого көмөктөшүү жана коррупция менен күрөшүүнүн жаңы комплекстүү ыкмаларын иштеп чыгуу аракеттерин колдоону уланта берет деп ишендирди.

Жолугушуунун алкагында ушул жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуялар да талкууга алынды. ЕККУнун Программалык кеңсесинин башчысы чыр-чатакты тынчтык, дипломатиялык жол менен жөнгө салууну кубаттады жана ЕККУнун жетекчилиги кырдаалды кылдаттык менен байкап жаткандыгын белгиледи.

Ушул контекстте министр Р.Казакбаев кыргыз тарап талаш-тартыштарды жалаң саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө умтулгандыгын жана зомбулукту маселелерди чечүү куралы катары кабыл албастыгын баса белгиледи. Тынчтыкты куруу жана эки өлкөнүн чек ара аймактарынын калкынын ортосундагы ишенимди калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү айтылды.

Жолугушуунун аягында тараптар маектин жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелер боюнча мындан ары өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: