Menu

Токтогул райондук милициясы чет өлкөлүк туристтин унутуп калтырып кеткен кол сумкасы менен акчасын таап берди

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну К.Э. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2021-жылдын 2-июнунда саат 15:40 чамасында өзү менен бирге турист катары Ош шаарынан Нарын облусуна бара жаткан 1952-ж.т. Германия мамлекеттинин жараны Гётц С.Г. Токтогул шаарындагы май куюучу жайга токтогон учурда, өзүнүн жанындагы кол сумкасын ичиндеги акчалары менен унутуп кетип калгандыгын, ошол сумканы табууга жардам берүүнү суранган.

Германия мамлекеттинин жаранынын кол сумкасында 800 АКШ доллары, 800 евро акчасы, 2000 сом жана банк карточкасы болгон. Анын банк карточкасында болжол менен 40000 (кырк миң) евро акчасы бардыгы белгиленген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар ар тараптуу жана объективдүү иликтөө максатында Токтогул РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык Кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Германия мамлекетинин жараны унутуп калтырып кеткен кол сумкасын алган жаран аныкталган. Ал Баткен облусунун тургуну 2004-ж.т. И.С. экендиги такталып, ал Ош шаарында жүргөндүгү аныкталып, милиция кызматкерлери аны ошол жерден табышкан. Алдын ала алынган маалымат боюнча аталган жаран жолдо кетип баратып токтоп, ээсиз калган буюмду таап алган. Сумкадагы акчаларды короткон эмес. Алынган сумка, акчалар толугу менен Германия мамлекетинин жаранына өткөрүлүп берилди.

Германия мамлекетинин жараны Гётц С.Г. Токтогул РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам көргөн иш аракеттерине ыраазычылык айтып, буюмдарынын табылганына кубанып жаткандыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: