Menu

Токаев менен Мирзиёев Борбор Азиядагы коопсуздук маселелерин талкуулашты

Бөлүшүү:

3-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүп, казак-өзбек кызматташтыгы жана аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн башчылары Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиянын коопсуздугу менен туруктуулугун бекемдөөгө ынтызар экенин билдиришкен.

Эки мамлекеттин лидерлеринин телефондук сүйлөшүүсү Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгып жаткан маалга туш келди.

Ооганстан аймагынын дээрлик теңи “Талибан” кыймылынын көзөмөлүндө же согуш жүрүүдө. АКШ бул кыймыл менен түзгөн келишим боюнча сентябрга чейин аскерлерин акырындык менен чыгарып кетүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: