Menu

Бишкек милициясы: Учурда Орхан Инанданын жайгашкан жерин аныктоо боюнча тинтүү жана издөө иш-аракеттери активдүү улантылууда

Бөлүшүү:

Азыркы тапта, ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте тергөө иш-чаралары, тинтүү жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон Охран Инандын болушу мүмкүн болгон жерлердин баардыгын текшерүүдө. Өткөн суткада отель жана мейманканалар, курулуп жаткан имараттардын бардык аймактары, анын ичинде гараж кооперативдери жана унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор менен фабрикалардын аймактары, токой тилкелери жана парк зоналары текшерилди. Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айдоо жерлеринде ошондой эле таштанды төгүлүүчү жайларда издөө жүргүзүп жатат. Андан сырткары, кинологтор жана кызматтык иттери, издөө иштерине тартылды жана адам  өтүүгө кыйын жерлерде дрондор колдонулду. Борбор калаага кирүү жана чыгуу стационардык посттор тарабынан көзөмөлдө турат.

Мындан тышкары, окуяга байланыштуу мүмкүн болгон күбөлөрдү аныктоо иштери улантылууда. Белгилей кетсек, Орхан Инандынын жоголушу боюнча ар кандай теориялар каралууда.

Тергөө жана издөө иш-аракеттери толугу менен Бишкек шаарынын ИИББнын жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: