Menu

Баткен жана Согди облусунун башчылары чек арадагы коопсуздукту камсыздоо боюнча сүйлөштү

Бөлүшүү:
Кечээ 4-июнда Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев, Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Облус башчылары Баткен жана Согди облустарынын чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо,буга чейин эки тараптын макулдашуусу менен түзүлгөн милициянын жана чек арачылардын биргелешкен постун жана жөө патрулдардын ишин күчөтүү менен чек арадагы элди дүрбөлөңгө түшпөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана эки тарап тең чек арага аскердик күчтөрүн алып кирбөө жана  жайгаштырбоо боюнча  макулдашышты.
Облус башчыларынын тапшырмасы менен чектеш жайгашкан  Баткен-Исфара,Лейлек-Гафуров райондорунун акимдери жолугушту.
Жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү менен биргеликте, чыр чатактардын алдын алуу,чек ара аймактарында коопсуздукту камсыздоо боюнча иш алып барышууда.
Учурда Баткен облусунун Тажикстан менен чек ара аймактарында абал тынч,күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп,абалды көзөмөлгө алууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: