Menu

Бишкек мэриясынын бухгалтери УКМКнын кызматкерине 50 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коррупцияга каршы иш-аракеттердин алкагында, КР УКМК кызматкерине  каржылык мыйзам бузуулар фактысы боюнча арызды кароону токтотуу үчүн, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын биринин башкы эсепчиси “Н.П.” пара берүү ишине бөгөт коюлду. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

КР УКМК арызды кароо учурунда муниципалдык ишкананын бир катар каржылык мыйзам бузуулары аныкталды, 2021-жылдын 31-майында аталган «Н.П.» аныкталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн УКМКнын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылгандыгы аныкталды.

Бул факт туралуу Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

2021-жылдын 4-июнунда Коопсуздук органдын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен «Н.П.» кармалды.

Учурда козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: