«Манас» эл аралык аэропорту» эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр «Манас» аэропортунан ПЦР-тест тапшырмак болушса, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экендигин эскертет.
Эске салсак, Кыргызстандын негизги аба дарбазасынан 2021 жылдын 31 майынан тартып
COVID-19ду тез аныктоочу АMSBIO компаниясынын жаңы ПЦР лабораториясы ишке кирген.
ПЦР-тестти «Манас» аэропортунун 2 кабатынан күндүзгү саат 8:00ден 18:00ге чейин тапшырууга мүмкүн.
AMSBIO лабораториясынын артыкчылыктары:
- Буга чейин КМШ өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда жок заманбап жабдуулар жана реагент колдонулгандыктан, 100 % так жыйынтык берет.
- Заманбап жабдуулардын аркасында ПЦР-тест ыкчам режимде аныкталат: 1,5-2 саат үчүн (3499 сом) 4-5 саат үчүн (2399 сом).
- ПЦР-тестти «Манас» аэропортунан чет өлкөгө учуу алдында тапшыруу мүмкүндүгү. (Россия Федерациясынан башка өкөлөргө, анткени компания азырынча « COVID-19суз саякаттайм» тиркемесинин мүчөлүгүнө кире элек).
- ПЦР-тесттин жыйынтыгы чет өлкөлөргө чыгуу үчүн жарактуу, анткени AMSBIO компаниясы КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин аккредитациясынан өткөн.
- ПЦР-тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан же «Манас» аэровокзалынын 1 кабатынан 3 тилде чыгарылган ырастама иретинде алууга мүмкүн.
- Корей AMSBIO компаниясы Кыргызстанда лаборатория түйүндөрүн жайылтууну көздөөдө. Бул компаниянын ПЦР лабораториялык изилдөөлөрү акыркы муундун заманбап жабдууларын колдонуу жана импорттук реагенттердин жардамы менен өткөрүлгөндүктөн, COVID-19дун бардык түрлөрүн аныктайт. АКШ, Корея, БАЭ жана башка өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ