Menu

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Бөлүшүү:

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустук сотторунун жана Бишкек шаардык сотунун судьялык кызмат орундарына (8 талапкер), ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондук сотторунун бирден бош судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпысы 10 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоого бардык 10 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макул болду.

Мамлекет башчысынын аталган 10 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткарууга жиберилди:

– Ош облусу 

Ош облустук сотуна:

Атаев Замирбек Исмаилович;

Жунусов Заурбек Турдубаевич.

 

–  Жалал-Абад облусу 

Жалал-Абад облустук сотуна:

Калыков Бакыт Усенканович;

Султанканов Бактыбек Султанканович.

 

– Ысык-Көл облусу 

Ысык-Көл облустук сотуна:

Кудабаева Гүлбара Ишенова.

 

– Нарын облусу 

Нарын облустук сотуна:

Дүйшөнбекова Майрагүл Мырзабековна.

 

– Бишкек шаары 

Бишкек шаардык сотуна:

Бектемирова Салтанат Кубанычбековна;

Өмуралиева Анара Медербековна.

 

Ленин райондук сотуна:

Кайыпов Самат Таштанович.

 

Свердлов райондук сотуна:

Назирдинова Чолпон Жыргалбековна.

 

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2021-жыл 7-июнь

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: