Menu

Москвада казакстандык студент кызды өлтүрүүгө айыпталган Дагестандын мурдагы өкмөт башчысынын уулу акталды

Бөлүшүү:

Томирис Байсафу и Муртузали Межидов

Москвада сот арачыларынын көпчүлүк добушу менен Дагестан өкмөтүнүн мурдагы башчысынын уулу Муртузали Межидов акталды. Ал 2018-жылы Москвадагы эл аралык мамилелер институтунда (МГИМО) окуган казакстандык студент Томирис Байсафаны өлтүргөн деген шек менен камакка алынган.

Адвокат Шамиль Яндарбаевдин айтымында, Межидов беш сот арачысынын төртөөнүн колдоосун таап, сот залынан бошотулду. 8-июнда алардын бул чечиминин кесепеттери талкуулана турган отурум өтөт деп күтүлүүдө.

МГИМОнун студенти, 21 жаштагы Томирис Байсафа 2018-жылы жогорку окуу жайдын имаратынын төртүнчү кабатынын терезесинен кулап, 3-май күнү ооруканада көз жумган. Бул факт боюнча “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жогорку окуу жайдын жетекчилиги муну кокустук деп атаган. Бирок университетте окуган студенттердин бири маркумду кимдир бирөө терезеден түртүп жибергенин, анын алдында кыз сабалганын айткан.

Муртузали Меджидов маркум кыздын курсташы болгон, айрым маалыматтарга караганда, алар сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал – Дагестан өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мухтар Межидовдун уулу. Муртузали 29-июлда гана кармалып, эртеси камакка алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

83 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: