Menu

Токмокто “Вепрь-КМ” мылтыгын жана 200 даана огун уурдагандар кармалды

Бөлүшүү:

29-май күнү Токмок шаарынын ИИБнө жергиликтүү 40 жаштагы жашоочу Б.О. арыз менен кайрылып, анын үйүнө белгисиз бирөөлөр киришип, “Вепрь-КМ” үлгүсүндөгү аңчылык мылтыгын жана 7,62х39мм калибрдеги 200 даана огун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сото чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү учурунда, үй ээси үйүндө жок учурунда белгисиз бирөөлөр терезеси аркылуу киришип, үйүндөгү сейфти ачышып, ал жерде сакталып турган ок атуучу куралды жана ок дарыларды уурдап кетишкени малым болгон.

Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарбынн жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы уурулукка шектелишип, 26 жаштагы Ж.И., 24 жаштагы М.М. жана Ж.Н. аттуу жарандар кармалышкан. Шектүүлөрдүн экөөсү буга чейин уурулук боюнча сот жообуна тартылганы териштирүү учурунда маалым болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кылмышка шектүү жарандардын дагы Токмок шаарында 8 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги маалым болгон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, шектүүлөрдүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: