Menu

Светлана Тихановская: “Беларустун өзүндө эмне болуп жаткандыгын эске алсак, менимче көп адамдар Бакиев жөнүндө ойлонушпайт деле”

Бөлүшүү:

Беларус оппозициясынын лидери, мурдагы президенттикке талапкер Светлана Тихановская “Азаттык” радиосунун журналисти берген Кыргызстандын бозгундагы мурдагы президентинин Минскте жүргөндүгү тууралуу суроого жооп берди.

“Беларустун өзүндө эмне болуп жаткандыгын эске алсак, менимче көп адамдар бул жөнүндө ойлонушпайт. Себеби буга чейин Лукашенконун кыймыл аракеттеринин бардыгы кадыресе көрүнүш катары кабыл алынып, эч ким буга туруштук бере алам деп ойлогон эмес. Былтыр гана эл көтөрүлүп чыгып, ким экендигин көрсөтө алды. Азыр гана бул маселе беларустуктардын арасында талкуулана баштагандыр”.

Светлана Тихановская 8-июнда “Эркин Европанын” Прагадагы кеңсесинде болуп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: