Menu

Василий Дашков кайрадан камакка алынды

Бөлүшүү:

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков камакка алынды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, ал 8-июнда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, Дашков “”Кыргыз темир жолу” ишканасын башкарып турган кезде, 2020-жылдын май айынан декабрга чейин миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгон. Андан тышкары, жең ичинен коротулган 490 миллион сом тууралуу да сөз болууда. Анын мамлекетке келтирген зыяны 1,5 миллиард сомго бааланган.

Василий Дашков 18-майда да кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган. Атайын кызмат ал ошондон бери зыяндын ордун толтурбаганы үчүн камакка алынын билдирди.

УКМК “Кыргыз темир жолундагы” жемкорлукка шектүүлөрдүн арасында Дашковдун уулу да бар экенин билдирген.

Дашков аталган ишкананы 2020-жылдын апрелинде жетектей баштаган. Ага чейин директордун орунбасары болгон. Жарандык коом өкүлдөрү аны коррупциялык иштерге айыптап чыккандан кийин, 2021-жылдын мартында кызматтан алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: