Menu

Туруктуу өнүгүү үчүн БАЭАП өлкөлөрүндө инновациялык саясатты колдоо боюнча максатту топтун алгачкы отуруму өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы Бириккен улуттар уюмунун Европа экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК) жана Азия, Тынч океан өлкөлөрү үчүн социалдык жана экономикалык комиссиясы менен бирге, туруктуу өнүгүү үчүн БАЭАП өлкөлөрүндө инновациялык саясатты колдоо: 2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында инновацияларды колдоо инфраструктураларын өнүктүрүү боюнча жол картасын боюнча максатту топтун алгачкы отурумун онлайн форматта өткөрдү.

Аталган отурумдун максаты – БУУ ЕЭКтин эксперттеринин Кыргызпатент менен бирге тыгыз кызматташтыкта иштеп чыккан 2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында инновацияларды колдоо инфраструктураларын өнүктүрүү боюнча потенциалдуу  негизги чараларды жана жол картасын өнүктүрүүгө сунушталган келечектүү багыттарды талкулоо, мамлекеттик органдар, бизнес өкүлдөрү жана жарандык коом ортосунда инновацияларды колдоо инфраструктурасын өнүктүрүү чөйрөсүндө инновациялык саясат багытынын негизги багыттары боюнча Жол картасын иштеп чыгунун ар кайсы деңгээлде эффективдүү диалогун камсыздоо.

Катышуучуларга саламдашуу иретинде БУУ ЕЭКнын инновациялык саясат боюнча эксперти Кристофер Этей сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Кыргызпатент менен көп жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келе жатышканын белгилеп, ЖОЖдордун базасында ачылган бизнес-инкубаторлорду ачуу Кыргыз Республикасынын инновациялар экосистемасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо тургандыгына тилектештигин билдирди.

Иш-чаранын алкагында Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Жоодарбек Жумабаев Кыргыз Республикасындагы инновацияларды өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары менен тааныштырды.

БУУ ЕЭК консультанты жана FutureLab Georgia негиздөчүсү Иракли Кашибадзе башка өлкөлөрдүн тажырыйбасынын негизинде, улуттук келечектүү өнүгүүнү эске алуу менен Кыргызстанда инновациялык саясатты ишке ашыруунун негизги механизмдерин презентациялады.

Инновацияларды колдоо инфраструктураларын өнүктүрүү боюнча төмөнкүлөр конструктивдүү  сын-пикирлерди жана сунуштарды айтышты:

  • Румен Добрински – Европа инновациялар альянсынын эксперти (Бельгия);
  • Чынгыз Айдарбеков – КРнын экс-тышкы иштер министри, “Инновация” коомдук кыймылынын негиздөөчүсү;
  • Женни Жениш кызы – БУУнун өнүктүрүү программасынан, Accelerator Lab жетекчиси;
  • Данияр Аманалиев, «Ololo» компаниялар тобунун бизнес-дирижеру;
  • Александр Окунев –“Сколково” фондунун КМШ менен регионалдык өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүү боюнча вице-президентинин орун басары;
  • Елена Чигибаева – “Текайым” коомдук фондунун башкармасынын төрайымы;
  • Искендер Шаршеев – директор Центр развития PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборунун директору жана башка өнөктөштөр.

Евразия изилдөө борборунун директору Елена Калюжнова (Рединг университети, Улуу Британия) жана “Бизнес-инкубатор” жаңы ишкердикти баштоо борунун директору (МЭМИ, Россия Федерациясы) Ольга Хотяшева БАЭАП регионунда инкубаторлор аркылуу инновацияларды алгылатуу боюнча БУУ ЕЭКнын жетекчилик Обзору менен тааныштырды. Аталган Обзор эл аралык жана коңшулаш өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып университеттердин базасында бизнес-инкубаторлорду колдоо чараларын жана анын эффективдүү саясатынын негизги принциптерин чагылдырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: