Menu

ИИМде милициянын участкалык уполномоченныйлары менен жашы жете электер менен иштөө бөлүмдөрүнүн иши талкууланды

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинин жыйындар залында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчилиги менен Чүй облусунун милициянын участкалык уполномоченныйлары менен жашы жете электер менен иштөө бөлүмдөрүнүн бардык райондогу, шаардагы өздүк курамы менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу милициянын полковниги Сталбек Рахманов, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурлан Исмаилов, ошондой эле Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчылары катышты. Күн тартибинде ишти өркүндөтүү, милициянын участкалык уполномоченныйларынын жана жашы жете электер менен иштөө бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралып, ошондой эле Ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын кызматкерлерине кайрылуусу каралды.
Милициянын участкалык уполномоченныйлары жана жашы жете электер менен иштөө инспекторлорунун негизги милдети коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштардын жана укук бузуулардын эскертүү боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү, жарандар менен ишенимдүү мамиле түзүү болуп саналат.
Ички иштер министрлигинде өткөн жыйында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамдуулуктун сакталышы, кызматтык тартипти, жалпы жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоо маселелери талкууланды. Иш-чарага милициянын участкалык уполномоченныйлары, жашы жете электер менен иштөө бөлүмдөрүнүн инспекторлору жана Чүй облусунун бардык тогуз райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн  башчылары катышышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: