Menu

Башкы прокуратура: Эндрю Качинс Кыргызстандан чыгарылбайт

Бөлүшүү:

Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) мурдагы президенти Эндрю Качинс Кыргызстандан чыгарылбайт. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдап, эгер Качинс АКШга кетүүнү көздөсө, анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы аны колго түшүрө турганын эскертти.

Эндрю Качинс Кыргызстандын Жазык кодексинин жана Жоруктар кодексинин баңгизатка байланыштуу бир канча беренелери менен шек саналып жатат. Өзүнө 3-июнда расмий кабарланганын Башкы прокуратура билдирди.

Качинс апрелде милицияга суракка чакырылган. Университеттин жетекчилиги жана окутуучулары муну Качинске карата туура эмес мамиле, чаташкан окуя деп сыпатташкан. Өзү комментарий берген эмес.

Эндрю Качинс Кыргызстандагы ишмердигин аяктап, АКШга кетип жатканы тууралуу 7-июнда окуу жайдын Камкорчулар кеңеши маалымат берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: