Menu

Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим Аль-Ради КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-июнда Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Аль-Ради мырза Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Р.Казакбаев дипломатиялык миссиянын башчысын кызматка дайындалышы менен куттуктап, ар бир тарапты кызыктырган ар кандай чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады. Тараптар кыргыз-сауд мамилелерине эки тараптуу жана көп тараптуу форматта дагы кошумча динамика берүү жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарылдыгына токтолушту.
Ошол эле учурда, Элчи И.Аль-Ради, Сауд Арабия бийлигинин чечимине ылайык коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн кошумча чараларды көрүү максатында, быйыл Меккеге (Ажылык) зыярат кылуу Covid-19 илдетине каршы вакцина алган Сауд Аравия жарандарына жана САП жашаган чет мамлекеттик жарандарга гана уруксат берүү менен өтө тургандыгын айтты.
Өз кезегинде, Министр Р.Казакбаев кыргыз тарап эпидемиологиялык кырдаалды эртерээк турукташтырууга үмүттөнүп, бул чечимге түшүнүү менен мамиле кыларын белгилеп, жогоруда айтылган маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарга жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жеткирилет деп ишендирди.
Ошондой эле Элчи И.Ал-Ради Сауд Аравия Падышалыгынын Тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль Сауддун Кыргыз Республикасына ушул жылдын июль айынын ортосунда келүү ниети жөнүндө маалымдады.
Бул иш-чаранын маанилүүлүгүн эске алып, Министр Р.Казакбаев кыргыз тараптын Сауд Аравия Падышалыгынын Тышкы иштер министрлигинин башчысын кабыл алууга даяр экендигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: