Элибизде “Ааламга жол айылдан башталат” дейт адатта. Ошол ааламга башталган жолдун эң башында ата-энеден кийнки эле орунда, мектеп босогосун аттаганда тосуп алган, биринчи калсска кабыл алып, билимдин башатын баштаган эң биринчи мугалимиң болот. Биз үчүн дал ошондой эжекебиз Жолдошова Сарабү эжеке болду. Мурда мектеп мугалимдерин атасынын атынан айтчу адат жок эле, болгону өзгөчө сый, урмат менен мектептеги баардык педагогдорго “агай”, “эжеке” деп кайрылат элек. Ал убактагы мектеп окуучулары өздөрүнүн эле агай, эжекелерин эмес, бүтүндөй мектептин эмгек жамаатын кастарлап, сыйлап, этият, өзгөчө сылык жана болгон маданиятын жумшап, жылуу мамиле жасашчу. Анткени алар өздөрү иштеген айыл жериндеги башкалардан айырмаланып, шам чырактай жанышып, жарык берип, жеткинчектерди, болочок жаш муундарды, билимге, илимге, маданияттын туу чокусуна карай жол көрсөткөн, багыт берген өзгөчө адамдар болушканы талашсыз. Менин баамымда алардын ар бири өздөрү окуткан балдардан “адам” чыкса, алардан татыктуу билим, таалим, тарбия алган инсан калыптанса деген илгери үмүт, аруу тилек, жакшы максаттар менен өздөрүнүн адистик вазыйпасын аткарып келишкен. Мүмкүн мындай ой, дал ошол мектептин эмгек жамааты менен чогуу 33 жыл башталгыч класстарга билим берип, ардактуу эс алууга чыккан атам Абытов Капардын уулу болгонум, мугалимдин үй-бүлөсүндө көргөн тарбиям, алган таалимим, алардын мугалимдик зор сый-урматка ээ болгонун көргөн үчүн калыптангандыр.
Мектепте окуп жүргөндө көп эле сабак берип, колдон келген ыкмалары менен тарбиялоого салымын кошкон агай эжекелер бир топ эле болот. Бирок бирөө да балалыктан мектеп босогосун атаганда, “А” тамгасынан баштап арип үйрөтүп, окуганды, сандарды санаганды, мектепте, класста, көчөдө, керек болсо өз үйүңдө өзүңдү алып жүрүүнүн алгачкы сабактарын берген “биринчи эжекеңе” эч ким жетпейт. Албетте андан кийин кийинки класс жетекчилериң да эсте калат. Бирок биринчи эжекең, биринчи эжеке боюнча калааары талашсыз. Биздин дал ошондой эстен кеткис, биринчи мугалимибиз Сарабү эжеке болгону талашсыз.
Менин жеке баамымда Сарабү эжеке жогорку маданияттуу, өз заманынын билимдүү инсаны, чыныгы педагог, элеттик интеллигенциясынын үлгүлүү өкүлү болгон. Мен үчүн, менин классташтарым үчүн Сарабү эжекебиз бир катар өзүнө гана таандык болгон жеке сапаттары менен айырмаланган эжекебиз болуп калды. Биздин балалык баамыбызда Сарабү эжеке ар дайым жаркылдап күлүп жүргөн, кайгы-капасын билдирбеген, дайыма адамды тике карап сүйлөгөн, көз карашы менен эле адамды тарбиялап, ойго салган, эч кимден тайманбаган, улууга урмат, кичүүгө сый мамиле кылган, өзүн абдан таза, көрктүү, азыркынын тили менен айтканда стилдүү кийими, жогорку маданияты менен айырмаланган биздин биринчи эңжекебиз болду. Биз үчүн ал убакта Сарабү эжекеден өткөн билимдүү адам жоктой сезилчү, өзүнө гана таандык жеке көз карашы жана акыл-эси, бекем эрки, багыттуу максаты, көрөгөчтүгү, окуучуларды өзүнө тарта билүү жөндөмү, эмгек жамаатынын сый-урматына ээ болгону, элет жеринде билим берүү жаатынын бир катар көйгөйлүү маселелерин чечүүдөгү жоопкерчилигин өз мойнун алуу жөндөмү, жетекчилик касиеттери менен өз доорунун чыныгы педагогу, коммунисти өз заманынын, аял затынан чыккан Дүйшөнү, жүздөгөн, миңдеген окуучулардын, болочок адистердин, бир топ элибизге, мамлекетибизге таанымал болгон инсандардын алгачкы мугалими, жаш педагогдордун акылгөй насаатчысы болгон.
Биздин биринчи эжекебиз Жолдошова Сарабү класс жетекчи, жаш бөбөктөрдүн мектеп босогосун аттагандагы алгачкы тарбиячысы катары, ошол өзү окуткан балдардын жан дүйнөсүнө аяр мамиле кылып, ага жарык берип, жол көрсөтүп, коркутпай, чочутпай жылуу мамиле жасап, жагымдуу багыт берип, тез эле алардын сүйүктүү мугалимине, көбүбүз үчүн идеалга айланып, биздин балалык кыялдарыбыз менен кошо эргип, сабак өтүүдөн арыбай, чарчабай, өз кесибинин чыныгы чебери болгон эжеке катары элеси калды.
Эми илимдин докторунун деңгээлинен жана бүгүнкү күндүн бийиктигинен артка көз салып, бала чагыбызга, эжекебиздин ишмердүүлүгүнө назар салсам, Сарабү эжеке өз мезгилинин билимине сугарылган, педагогикалык чеберчиликти мыкты өздөштүргөн, жаш балдарга жакын болуу менен алардын көзүн ачып, билимге үндөгөн, талыкпаган жол көрсөтүүчү, жаш педагогдорго татыктуу насаатчы, абдан абройлуу эжеке болгон экен. Мен бизди ушундай чебер педагогдун окутуп, көзүбүздү ачып, алгачкы билимди берип – тамга таанытып, жазганды, эсептегенди үйрөткөн биринчи мугалимибиз Сарабү эжеке болгонуна өмүр бою сыймыктанып келем жана сыймыктана берем.
Дал ушундай касиеттери, сапаттары менен Сарабү эжекебиз жаш муундардын да, келечек адистердин да, эл-жеринин да алдында өз вазыйпасын аткарып, жарык дүйнөдө жакшы, унутулгус из калтырды десек болот. Менин жеке баамымда Срабү эжеке биздин Чалма айылынын “Ленинчил жаш” орто мектебинде эле эмес, бүтүндөй Совет (азыркы Кара-Кулжа) району, Ош областы боюнча таанымал педагог болгон. Сарабү эжеке кирген класста, жүргөн залда же сыртта дайыма тартип болоор эле. Баамдасам биз эле эмес, мектептеги башка класстардагы балдар, кыздар сыйлап, урматтап, айбыгып, керек болсо коркуп турчу эжекебиз Жолдошова Сарабү болгон экен. Ошондуктан орто мектепти бүткөнүбүзгө 52 жыл болсо да биз үчүн биринчи мугалимибиз Сарабү эжеке бойдон калды.
Мындан 52 жыл мурда, 1969-жылы биз биринчи класска барганбыз. Ал кезде 1-сентябрь азыркыдай билим күнү катары расмий белгиленчү эмес. Бирок, ошого карабастан ал күнү ар бир мектепте салтанаттуу линейка өткөрүлүп, мектеп босогосун жаңыдан аттаган бөбөктөргө жана бүтүрүүчү болгон 10-класстарга куттуктоо айтылып, андан кийин кадимкидей сабактар башталчу. Дал ошол 1-сентябрь күнү эсте калганы, ошондогу “Ленинчил жаш” орто мектебинин директору Кармышаков Бакас агай сөз сүйлөп, мектепке биринчи жолу барган бизди үч класска бөлүп тизип, бизге 10-класстарды куттуктатып, өз кезегинде алар бизди куттуктап, ар кимибизге китеп белек кылганы эсимде. Мага Эркин ака, кийин мектепте мугалим болуп калды, “Жусуп менен” деген чакан китеп берген эле. Ошол 1969-жылдын 1-сентябрынан баштап биздин 1 “а” класстын жетекчиси Жолдошева Сарабү эжеке, “б” класстын жетекчиси Ражапова Баарин эжеке, “в” класстын жетекчиси Курманалиева Дарика эжеке болуп, башка агай-эжекелерибиз сыяктуу алардан мектептеги алгачкы таалим-тарбияны ала баштадык эле.
Үч жыл мурда, биздин 1969-жылы ал кездеги Чалма айылынын «Ленинчил жаш» орто мектебин аяктаган классташтар, мектебибизди бүткөнүбүздүн 40 жылдык мааркесин өткөрдүк. Дал ошондо да биз биринчи класска кадам таштагандагы агай, эжекелерибизди эскердик, айылдык мечитке, жай башына барып көзү өткөндөргө куран окуттук. Ошол мааракеге даярдык көрүп жаткан учурда, мен биздин райондук архивден 1969-70–окуу жылында «Ленинчил жаш» орто мектебинин 1 классында окуган окуучулардын тизмесин таап чыктым. 1 “а”, “б”, “в” класстарынын тизмеси ирети менен төмөндө сиздердин назарыңыздарда:
Ошол 1969-1972-жылдары Сарабү эжеке окуткан 1 “а” классттагы 29 кыздар, балдардын ичинен кийин 7 жогорку билимге, 5 атайын кесиптик орто билимге ээ болушту. Экөөбүз Россия Федерациясынын жогорку окуу жайын – мен В.И.Ульянов-Ленин атындагы Казан мамлекеттик университетин, Замира Чокоева деген классташыбыз Иваново шаарындагы Тесктил институтун бүтүргөн. Калгандары ар түрдүү кесипти аркалаган элет жеринин, айыл-чарбасынын жигердүү каармандарынан болушту. Ошол эле 1969-жылкы Сарабү эжеке жетектеген 1 “а” класстан, кийин бир тарых илимдеринин доктору, профессор (бул мен өзүм), бир Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (Атамбаев Нурпазыл), алты жеңил өнөр жай, айыл чарба жаатынын мыкты бизнесмендери, ишкерлери чыгышты (Анарбек – Мукаш, Маматемин, Мухтар, Нурпазыл, Калийпа, Токтоназар – Чубак). Заман өзгөрүп, жашоонун нугу бурулганда бир топ классташтарыбыз өз заманынын талабына жараша жеке ишкерлер, коммерсанттар жана бизнесмендер болуп чыгышты. Азыр баарыбыз чоң ата, чоң эне болуп, неберелердин ырахатын көрүп жатабыз.
Булардын баарына дал ошол биздин көздү ачкан, алгачкы тамгаларды, окуганды үйрөткөн, келечекке каз-каз таштаган кадамыбыздын пайдубалын койгон биздин биринчи мугалимибиз Сарабү эжекенин салымы зор экендиги шексиз.
Баса мектеп босогосун аттап, окугандан баштап менин биринчи жолу алган “Мактоо баракчасы” дал ошол Сарабү эжеке окуткан мезгилде алганым эсимде. Жаңылбасам биз 3-класста окуп жатканда, бир күнү текшерүүчү келди, класстарга кирет экен – деген кабар оттой тез тарады. Сарабү эжеке да бизге кайрылып: -Балдар текшерүүчүлөр класска кирсе, эч чочулабай, коркпой, кадимкидей эле сабакта отургандай болуп, берген суроолоруна тартынбай, кысынбай жооп бергиле – деп айтты. Көп өтпөй эле, мектеп директору Бакас агай баштап, 4-5 чоочун агай, эжекелер кирип келишти. Бакас агай эжекебизди мыкты педагог, ал эми анын классы да мыкты окуган класстардын бири – деген мааниде тааныштырды. Анан текшерүүчүлөрдүн бири: -Кана балдар, кандай үй тапшырма берилген, ким даяр? – деди. Тапшырмабыз бир ырды жаттоо болчу кыязы. Бир аздан кийин мен кол көтөрсөм, баягы киши кана айтчы – деп калды. Мен эми үндү катуурак чыгарып айтайын деген ниетте эле, катуу баштасам, 4-сап бүтөйүн дегенде эле, -Ой азамат, жакшы даярданыпсың, бирок мынча катуу кыйкырбай айтсаң деле болот – дегенде баары күлүп калышты. Элдин көңүлү менде болсо, менин көңүлүм Сарабү эжекеде эле. Карасам башын ийкеп, кубаттап жылмайып турган экен. Ошол эле күнү кечинде атам иштен келип, кечки тамак маалында мени мактап, ыраазы болуп калды. Комиссиянын купулуна толо жооп берипсиң, бирок эмне анча катуу кыйкырдың – деп күлүп калды. Атам да ошол “Ленинчил жаш” орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими, Сарабү эжекенин коллегасы эле. Андан көп өтпөй эле мектептин бир чогулушунда жогорудагы “Мактоо баракчасы” берилди. Ал менин биринчи расмий сыйлыгым эле, кубанычта чек жок болду. Эми ойлосом, дал ошол мектеп дирекциясы тарабынан берилген алгачкы сыйлыгымдын чоң түрткүсү, ага шарт түзүп, тартынбай, ачык, так, катуу сүйлөгөнгө үйрөткөн, ага өбөлгө түзгөн, биздин биринчи мугалимибиз Сарабү эжеке болгон экен.
Негизи 1969-жылы 1-класска барып, ар кандай толуктоолор, сырттан келип кошулуп окугандар, бизден башка жакка кетип окугандарды кошкондо, 1979-жылы бүтүрүүчүлөрдүн саны 96 жеткен экен. Ошолордун ичинен 18 жогорку билимге, 12 атайын кесиптик орто билимге ээ болушуптур. Заманына, мезгил талабына жараша кийинчерээк “б”, “в” класстарынан да жеке педагогдор, инженерлер, экономисттер, айыл чарба кызматкерлери, ишкерлер, коммерсанттар, бизнесмендер чыгышты.
Демек алардын калыптанышына, дүйнө таанымына алардын биринчи мугалими, класс жетекчиси болушкан, Сарабү эжкенин кесиптештери Ражапова Баарин жана Курманалиева Дарика эжекелердин салымы зор десек болот. Алар да биздин Сарабү эжекебиздей эле бүт дараметин өз класстарындагы балдар, кыздардын билим алуусуна, көз ачылышына, дүйнө таанымына жумшашканы талашсыз.
Биз канчага чыкпайлы, кандай кызматты ээлебейли, кайда болбойлу, ар кимибиз дайыма биринчи мугалимибизди эстен чыгарбай жүрөбүз жана жүрө беребиз. Ошондуктан, Сарабү эжеке, биздин ата-энелерибизден кийинки эле эң бир кымбат, асылзат аял, чыныгы педагог, көк тиреген мунардай, бутак жайган чынардай, биздин биринчи эжекебиз катары эсибизде сакталат.
Абытов Байболот Капарович, тарых илимдеринин доктору, профессор,
Россия табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ