Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 50 жаштагы М.М. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 15-июнь күнү болжол менен саат 21:00 чамаларында Чүй районундагы мечиттердин бирине бейтааныш бирөө кирип, колундагы куралын арыз ээсине такап аны коркутуп, мечиттин дубалын каратып, эки ирээт ок чыгарып кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Чүй районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип, 63 жаштагы А.А. аттуу Чүй облусунун жашоочусу кармалган. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдары учурунда кармалган жарандан травматикалык тапанча ок-дарылары менен алынган.
Окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ