Үстүбүздөгү жылдын 24-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы тарабынан Өзбекстан Республикасынын жараны 2003-жылы туулган Бахрамова Севинч Шерзод кызы дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат ЖМКларга таратылган. Анда 2021-жылдын 3-май күнү 18 жаштагы Севинч Кыргыз Республикасынын аймагына кирип, бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз экендиги белгиленген.
Бул маалымат коомчулукка жарыяланган соң кайдыгер эмес жарандар тарабынан кыздын кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматтар берилип, анын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан кыз Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери тарабынан табылып, чоң энесине өткөрүлүп берилди. Небереси табылганына кубанып турган чоң эне милиция кызматкерлерине, ЖМК өкүлдөрүнө жана жалпы кыргыз коомчулугуна ыраазычылык билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ